Бишкекте «Тазалык» ишканасынын кызматкерин машина коюп кетти

1475

Бүгүн эртең менен Бишкекте жолдун жээгин шыпырып жүргөн аялды машина коюп кетти. Кырсык саат жетилер чамасында Байтик Баатыр менен Түштүк магистралдын кесилишинде катталган.

Күбөлөрдүн маалыматына караганда, «Тазалык» ишканасынын кызматкери көчөнүн четин шыпырып жатканда, катуу ылдамдыкта келе жаткан машина сүзүп кеткен. 60 жаштагы аял тез жардам менен ооруканага бараткан жолдо үзүлгөн. Кырсыкка себепкер болгон киши — 44 жаштагы тургун экени айтылууда. Айдоочу мас эмес экенин наркологиялык кароо тастыктаган.

Каза тапкан аял эки жумадан кийин 60ка чыкмак. Ал «Тазалык» ишканасында 2016-жылдан бери эмгектенип келген. Кесиптештери анын бүгүн кырсыкка кабылганга чейин бир саат мурдагы сүрөтүн жарыялашты.