Бишкекте тажикстандык 6 жашар кыз трансформаторго күйүп калды (видео)

866

Электр трансформаторунда токко урунган кыздын бир колу ампутацияланышы мүмкүн. Бул тууралуу Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунун башкы дарыгери билдирди. Айтымында, медиктер операция жасоо боюнча консилиумга чогулуп, бир чечимге келишмекчи. Анткени 6 жашар кыз эки колунан тең 3 даражадагы оор күйүк алган. Маалым болгондой, бөбөктүн үй-бүлөсү — Тажикстандын жарандары. Бишкек шаардык милициясы бул окуя боюнча иликтөө иштерин жүргүзүүдө. «Түндүк электр» ишканасы трансформатордун эшиги эмне үчүн ачык калганы боюнча азырынча түшүндүрмө бере элек.