Бишкекте техногендик апаат чыгып кетүү коркунучу бар (видео)

1539

Бишкектеги кара ышка таштанды полигонунан күнү-түнү чыккан түтүн дагы кошул-ташыл болууда. Абал тезинен көзөмөлгө алынбаса, техногендик апаатка алып келет. Бул тууралуу курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинин жетекчиси Динара Кутманова айтып чыкты. Жарым кылымдан ашуун убактан бери таштанды тогулуп келген полигондон ар кандай уулуу заттар абага тарап жатат.

Ал эми акыр-чикирлер болсо үйүлүп отуруп, анын бийиктиги 7 кабат имараттыкындай болуп калган. Буга чейин бул жайга таштандыны кайра иштетүүчү завод куруу үчүн дагы иштер башталган. Бирок ал белгисиз себептерден улам аягына чыкпай келет.