Бишкектин Свердлов районунда телефон уурдаган адам кармалды

820

Бишкектин Свердлов районунда телефон уурдаган адам кармалды. Милиция анын колунан жабыр тарткандарды издөөдө.

Шаардык милиция башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, эки ай мурун милицияга Бишкек шаарындагы базарлардын аймагында белгисиз бир адам башка жарандын телефонун чалып алууга сурап, ошо бойдон телефонун кайтарбай качып кеткендиги тууралуу арыз түшкөн. Уурдалган уюлдук телефондун баасы 15 миң сомду түзгөн.

Криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери тарабынан аталган кылмышка шектүү делип 27 жаштагы жаран кармалган. Ал буга чейин дагы ушундай кылмыштар үчүн соттолгон. Учурда анын башка ушул сыяктуу фактыларга тиешеси текшерилүүдө. Аны бир айга №1 тергөө абагына алуу тууралуу баш коргоо чарасы кабыл алынган.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.