Бишкекте тез жардам кызматынын автоунаасы аварияга кабылды

858

Бишкекте бүгүн таңга маал тез жардам кызматынын автоунаасы аварияга кабылды. Жол кырсыгынан жабыркагандар бар. Патрулдук милициядан кабарлашкандай, эртең менен саат бештерде Арча-Бешик конушунан чакыруу түшкөн.

Тез жардам кызматы келип, бейтап наристени салып ооруканага баратканда алдынан ит чыга калган. Айдоочу буйтап өтөм деп жолдон чыгып кеткен.

Автоунаанын ичинде дарыгер, бейтап, айдоочу, медайым жана стажер болгон. Алардын баары ооруканага кайрылышкан. Экоо реанимацияда оор абалда экени кабарланууда.