Бишкекте тогуз кабаттуу үйдөн өрт чыкты

652

Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен маалымдашты. Жалын Көк-Жар кичи районундагы Куйручук көчөсүндө жайгашкан турак-жайды каптаган.

Интернетте жарыяланган видеодон үйдүн четки бөлүгүнүн сырты гана күйүп, батирлердин ичине от кирбегенин көрүүгө болот. Айрым маалыматтар боюнча, өрт биринчи кабаттан башталган.

Жалын эмнеден улам келип чыкканы азырынча белгисиз. Окуя болгон жерде өрт өчүрүүчүлөр иштеп, 2 техника тартылган. Бул өрт кырсыгында жабыркагандар болгон жок.