Бишкекте «Тойго насыя алба!» аттуу акция өттү

900

Бир нече жарандык активист элди той өткөрүү үчүн кредит албоого чакырышууда. Түндө Бишкектин ар кайсы жеринде, өзгөчө банктардын алдында «Тойго насыя алба!» деген жазуулар пайда болду.

Уюштуруучулар банктардын ишмердүүлүгүнө каршы эмес экенин, бирок финансылык уюмдарга келген кардарлар билдирүүнү окуп, ойлонсо деген максатта ушундай акция өткөрүп жатканын айтышкан.

Азыр адамдар кредитти ишкерлик үчүн эмес, ар кандай иш-чараларды өткөрүүгө алып, анан карызга батып, насыяны төлөө үчүн чет өлкөдө иштеп жүрүшөт дейт, жарандык активисттер. Ушул акцияны уюштургандардын өздөрүнүн ага-эжелери үлпөт тойго, маркумду акыркы сапарга узатууга насыя алып, көп жылдан бери карызын төлөй албай жатыптыр.

Маалыматтарга караганда, Кыргызстанда кредит алгандардын саны бир жылда эле жүз миңге көбөйгөн. Өлкөдө жыл сайын той-аш өткөрүүгө 2 миллиард доллардан ашык каражат кетээри айтылып жүрөт.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.