Бишкекте «Тойота Эстима» унаасы оодарылып кетип, эки адам жаракат алды

856

Бишкектеги Жумабек жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде Ички иштер министрлигинин имаратынын жанында жол кырсыгы катталды. Анда «Тойота Эстима» жана «Тойота Виш» унаалары сүзүшүп, бири оодарылып кеткен.

Бул тууралуу Бишкек шаардык Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка ылайык, катуу ылдамдыкта келе жаткан унаалар кагылышканда «Тойота Эстима» оодарылып кеткен. Анын айдоочусу жана ичиндеги 2 жүргүнчү жеңил жаракат алып, ооруканага кайрылышты.

Азыркы тапта окуянын чоо-жайын тактоо иштери жүрүп жатат.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.