Бишкекте төрт эм төрөлдү (видео)

2012

28 жаштагы келин перинаталдык борбордо көз жарып, үч кыз, бир эркек баланы жарык дүйнөгө алып келди. Айы-күнүнө жетпей, 7,5 айлык болуп төрөлгөндүктөн, кыздардын салмагы 1,5 килограмм, уулунуку 1 килограмм 750 граммды түзөт.

Учурда эне менен ымыркайлар дарыгерлердин көзөмөлүндө. Алардын абалы жакшы, дешет дарыгерлер. Жаш жубайлар 4 жылдан бери наристелүү боло албай жүргөнүн айтышат. Эми минтип бир учурда төрт эмдүү болушту.