Бишкекте төртүнчү «Дүйнөлүк тоо форуму» башталды (видео)

804

Форумга 40ка чукул тоолуу өлкөдөн келген 250дөн ашуун саясий ишмер, окумуштуулар катышууда. Адистер билдиргендей, учурда климат өзгөрүлүп, мөңгүлөр тез ээрип азайууда. Эгер бул маселер боюнча өз убагында чара көрүлбөсө, тоолуу өлкөлөрдө экологиялык ааламат коркунучу күчөй бермекчи.

Форумдун жүрүшүндө жаратылыш байлыктарын сактап калуу жана табигый кырсыктардын алдын алуу жолдору талкуулады. Белгилей кетсек, «Дүйнөлүк тоо форуму» алгач Европа өлкөлөрүндө уюштурулуп, кийинчерээк Латын Америка жана Африка өлкөлөрүндө өткөрүлгөн. Борбор Азия чөлкөмүндө бул иш-чара биринчи жолу Кыргызстанда өткөрүлүп жатат.