Бишкекте троллейбус менен жеңил унаа кагылышып, бир адам каза тапты

680

Окуя Юнусалиев менен Суванбердиев көчөлөрүнүн кесилишинде катталган. №17 каттамдагы троллейбус түндүк тарапты көздөй баратканда, жеңил автоунаа каршы тилкеге чыгып, кагылышуу болгон. Анын айдоочусу ошол жерде жан берген.

Ал эми, коомдук транспортту башкарып бараткан адам ооруканага жеткирилген. Күбөлөр тарткан видеодо троллейбус менен сүзүшкөн автоунаанын тамтыгы чыгып калганын көрүүгө болот.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.