Бишкекте туура эмес токтотулган унааларды эвакуациялоо иши жандандырылды

675

Калаанын жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан кабарлашкадай, буга чейин көчөлөрдүн тыюу салынган жерлерине токтотулган унааларды жеке менчик «Портал групп» ишканасы эвакуациялап келген. Аталган компания бул ишти 2020-жылга чейин жүргүзмөк. Бирок Ички иштер министрлигинин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы аны менен келишимди бузуп, бул милдетти өз колуна алууну чечкен.

Азыркы тапта Ички иштер министрлигинин карамагында 8 эвакуатор бар. Алар Бишкектеги унаа көп делген аймактарда чыгарыла баштады. Ошондой эле, эвакуациянын баасы 100 сомго арзандады. Мурда анын наркы 1350 сом болсо, азыр 1250 сом турат.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.