Бишкекте үйүндө жапайы жаныбарларды баккан адам аныкталды

1203

Бишкекте үйүндө жапайы жаныбарларды мыйзамсыз баккан адам аныкталды. Милиция кызматкерлери рейд учурунда Биринчи май районунун тургуну уруксат кагаздары жок эле, батиринде 4 жылан, эки жырткыч куш жана бир кирпини кармап келгенине күбө болушкан.

Бул боюнча протокол түзүлүп, жаныбарлар реаблитациялык борборго өткөрүлүп берилди. Андан ары, адистердин көзөмөлүндө болот. Ал эми жапайы жаныбарларды мыйзамсыз кармап келген адамдын иши боюнча материалдар сотко жөнөтүлдү.

Мамлекеттик экотехинспекция Кыргызстанда жапайы жаныбарларды үй шартында багууга мыйзам жол бербээрин эскертет.