Бишкекте унаа оңдоочу жайдан чыккан өрттүн кесепетинен 8 машина күйүп кетти

2006

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин берген маалыматына ылайык, тилсиз жоо кечээ түшкү саат үчтөр чамасында ордо калаадагы Күрөңкеев жана Абдырахманов көчөлөрүнүн кесилишинде катталган. Оттон улам техникалык тейлөө жайынын 630 чарчы метр аянты күйүп кеткен.

Мындан тышкары, ишкананын ичинде турган «Тойота Виш», «Лексус» жана «БМВ» үлгүсүндөгү 4 унаа, «Тойота Цинос», «Мерседес-Бенц», «Фольксваген Гольф-3» машиналары дагы өрттөнүп кеткен.

Кырсыктан улам 25 жаштагы эркек адам иске ууланып, ооруканага жеткирилген. Учурда абалы канааттандырарлык экени маалымдалды. Каза болгондор жок. Унаа оңдоочу жайдан чыккан жалын кечээ кечке жуук гана өчүрүлгөн. Азыркы тапта өрттүн келип чыгуу себеби жана келтирилген материалдык чыгымдар такталууда.

2 күн мурда Чүй областынын Сокулук районундагы Новопавловка айылында да тилсиз жоо катталган. Анда Дэн Сяопин менен Барпы Алыкулов көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан турак-жайдан өрт чыккан. Алынган маалыматтар боюнча, анын короосунда күйүүчү май сатылып келген.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.