Бишкекте унаалар мажбурлап эвакуацияланууда (видео)

753

Ордо калаада көчөлөрдө туура эмес токтотулган унааларга рейд башталды. Бишкек шаарынын жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын инспекторлору 6 эвакуатор менен эреже бузган айдоочуларды тартипке салышууда.

1-сентябрдан тарта, жолдо унаа тыгындары көбөйгөндүктөн, кыймылга тоскоолдук жараткан машиналар айып төлөп токтотуучу жайга жеткирилүүдө. Аларга 2 350 сом айып салынат. Бирок айрым көчөлөрдө эвакуатор белгиси коюлганы менен унаа токтотуу үчүн атайын жол чийиндери да турат. Буга нараазы болгон айдоочулар менен инспекторлордун арасында талаш-тартыш жаралууда.