Бишкекте унааларды уурдап, тетиктерге бөлүп саткан топ кармалды

646

Бишкекте автоунааларды уурдап, тетиктерге бөлүп сатып, кузовдорун өрттөп жүргөн топ кармалды. Шаардык милицияга 10 күндүн ичинде эле эки арыз түшүп, анда айдоочулар түн ичинде «Хонда Одиссей» үлгүсүндөгу автоунааларын уурдатып жибергенин айтышкан.

Издөө иштеринин натыйжасында, 3 бала кармалган. Алардын экөө тергөө абагына киргизилип, бирөө жашы жете элек болгондуктан кепилдик менен үй камагына бошотулган.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.