Бишкекте уран казууга каршы нааразычылык акциялары өттү (видео)

1043

Бишкектин эки жеринде уран казууга каршы нааразычылык акциялары өттү. Алгачкы митинг калаанын Горький скверинде башталды. Ага Балыкчы шаарында жөө жүрүшкө чыккан Ысык-Көл, Нарын, Талас областарынын тургундары катышты. Ал эми кийинки нааразылык акциясы «Ала-Тоо» аянтында болуп, ал Кыргызстандагы «Жашылдар» партиясы тарабынан уюштурулган.

Партия өкүлдөрүнө Борбордук аянтка митинг өткөрүүгө сот тыюу салынганына карабастан, алар өздөрүнүн конституциялык укугун колдонуп, каалаган жерде нааразычылыгын билдире турганын айтышты.