Бишкекте Вьетнам жарандары кулчулукка кабылдыбы? (видео)

532

Кыргызстанда вьетнамдыктар эмгек кулчулугуна кабылыштыбы? Өздөрүн Вьетнам жарандары деп тааныштырган адамдар НТС каналына кайрылышып, аларды өздөрүнүн мекендеши эле 2 жылдан бери бекер иштетип, өлкөсүнө кетирбей жатканын айтып даттанышты. Иш берүүчү алардын паспортторун бербей жатыптыр. Алар бул маселе боюнча милицияга кайрылышып, бирок жооп алалбай коюшкан.

Ал арада Кыргызстанда тигүүчү цех ачып, 40тай мекендешин иштетип жаткан вьетнамдык ишкердин адвокаттары бул айтылгандарды четке кагышууда. Эмгек кулчулугуна кабылган чет элдиктер, «Кырк чоро» уюмунун өкүлдөрүнө да кайрылышкан. Алар да тигүүчү цехке текшерүүгө барышып, бир топ жумушчунун айлык маянасы берилбей жатканын айтышты.