Бишкекте Workout аянтчасы ачылды (видео)

903

Спорт ийгиликтин ачкычы! Бүгүн Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик Медициналык академиясында «Workout» аянтчасы ачылды. Тактап айтканда, ачык асман алдындагы машыгуу жайы. Бул жайдын курулушун жана жабдуу менен камсыз кылууну «Кыргызстан» коммерциялык банкы колго алган. Негизги максат ден-соолугу чын коом түзүүгө кол кабыш кылуу, дешет банктын өкүлдөрү. Workout аянтчасына машыгууну каалаган ар бир адам барса болот. Эң негизгиси, ал жакта машыгуу акысыз.