Бишкекте «Ысык чай бер» деп аталган акция башталды

765

Аба-ырайынын өзгөрүшүнө байланыштуу Бишкекте «Ысык чай бер» деп аталган акция башталды. Жарандык активисттер таң атпай көчөлөрдү шыпырып, кар күрөгөн «Тазалык» ишканасынын кызматкерлерине ысык чай-кофе беришет. Бул иш-чарага бардык каалоочулар кошула алышат.

Уюштуруучулардын айтымында, «Ысык чай бер» акциясы сууктун күчү кайткыча уланат. Ошондой эле, активисттер «унааңа жолоочуларды сала кет» деген да акция башташты. Анда машиналууларга күн суукта көчөдө коомдук унаа күткөндөрдү, өзгөчө кары-картаңдарды, окуучуларды, кош бойлууларды жеткирип коюу сунушталууда.

Мисалы, Бишкектин вице-мэри Эркинбек Исаков бул демилгени колдоп, өзүнүн социалдык баракчасына эртең менен ишке кете турган маршрутун жазган. Мындан тышкары, айрым жеке мекемелер шаардыктарды күн суукта кеңселерине кирип, жылынып алууга чакырууда.