Бишкекте ысык суу убагында берилей калабы? (видео)

1076

Баш калаа ТЭЦинин аймагында суу өткөрүүчү куур жарылып, бир нече метр бийиктикке суу атырылгандан кийин шаардыктар арасында жылуу суу мөөнөтүндө берилбейт, деген тынчсыздануу жаралган. Бишкек жылуулук түйүнү бул окуя суу түтүктөрүн атайын сыноо учурунда болду дегени менен, көпчүлүк буга ынанган эмес. Мекемеден билдиришкендей, суу түтүктөрүн сыноо 15-июндан 18-июнга чейин созулуп, Бишкек боюнча жалпысынан 45 жерде суу өткөргүчтөр жараксыз абалга келгени аныкталган. Учурда адистер куурлардын жарылган бөлүктөрүн алмаштыруу менен алектенип жатышат.