Бишкекте залкар артисттерди эскерүү кечеси өттү (видео)

793

Таланты төп келишкен кош жылдыз. Бишкекте залкар артисттер Муратбек Рыскуловдун 110, Сабира Күмүшалиеванын 100 жана алардын уулу режиссер Искендер Рыскуловдун чыгармачылыгынын 60 жылдыгы белгиленди. Залкар артисттерди эскерүү кечесинде таралантуу үй-бүлө туурасында даректүү тасма көрсөтүлүп, чыгармачыл инсандардын таберик сүрөттөр көргөзмөсү уюштурулду.

Бүткүл өмүрүн чыгармачылыкка арнаган Муратбек Рыскулов 20га жакын кино тасмада, 40тан ашуун спектаклде роль жараткан. Ал эми анын өмүрлүк жары Сабира Күмүшалиева театр жана кино искусствосунда 70 жылдан ашуун эмгектенип, чыгармачылык жолунда ал 100дөн ашуун ар түрдүү ролдорду аткарган.