Бишкекте заманбап стилдеги мектеп пайда болду (видео)

587

Алгачкы коңгуроосу кагылган “Газпром” мектеби окуучулар үчүн эшигин ачты. Окуу жайдын салтанаттуу ачылыш аземине президент Сооронбай Жээнбеков, “Газпром” ачык акционердик коом башкармалыгынын төрагасы Виталий Маркелов катышты. Алар билим уясынын тасмасын кесип, балдарды окуу жылынын башталышы менен куттукташты.

Белгилей кетсек, “Газпром” курган мектеп Бишкек шаарындагы №98-жалпы билим берүү мекемеси болуп калды. Окуу жайы 960 окуучуга ылайыкталса, быйыл 720 бала мектеп босогосун аттады.