Бишкекте жаңы эс алуу бактары курулууда (видео)

1671

Бишкек шаарында бак-дарактардын кыйылышына нааразыланган шаар тургундарынын саны артууда. Бирок мэриядан былтыркыга салыштырмалуу быйыл кыюу иштери азайганын билдиришти.

Бишкек жашыл чарба ишканасынын кызматкерлери азыркы тапта жолдорду оңдоо үчүн жана адам өмүрүнө коркунуч жараткан эски бактар гана алынып жатат, деп ишендирүүдө. Ошол эле убакта, Бишкек шаардык мэриясы жаңы сейил бактарды куруп, эскилерин оңдоп-түзөй баштаптыр.