Бишкекте жаңы таштанды жайы ачылат (видео)

915

Бишкекте жаңы санитардык полигон курула баштады. Ал эми эски таштанды жайы рекультивацияланат. Полигон курууга Европалык өнүгүү жана калыбына келтирүү банкы 22 миллион еврону 2013-жылы эле берген.

Бирок долбоор түшүнүксүз себептер менен бүгүнкү күнгө чейин ишке ашпай, мэрия жада калса акчаны өздөштүрбөй жатканы үчүн 135 миң евро айып төлөгөн. Быйыл бул факты боюнча кылмыш иши козголгон.