Бишкекте жаңы заманбап такси кызматы ачылды (видео)

1599

Так эсептелген тариф, ыңгайлуу шарт. Бишкекте эл аралык «Максим такси» кызматынын филиалы ачылды. Компаниянын өкүлдөрүнүн айтымында, кардарлар үчүн заман талабына ылайыктуу баардык шарттар каралган. Мисалы, жүргүнчү бара турган жерине чейинки акы канча сом болоорун атайын тиркеме аркылуу алдын ала биле алат. Ошондой эле, ал жолдо бара жатып бир багытта кете турган тааныштарын кошо ала кетсе да болот. Бул үчүн кошумча төлөм алынбайт.