Бишкекте жаңы жылдык балатынын оту жандырылды (видео)

1149

Азем адаттагыдай эле “Ала-Тоо” аянтында өттү. Шаардыктарды кубандырган 25 метр бийиктиктеги балатыга 650 оюнчук илинип, улуттук оймо-чийме элесиндеги чырактар менен жасалган.

Каражатты үнөмдөө үчүн былтыркы жасалгалар колдонулган. Мындан тышкары, майрамдык салют атылбай, концерттик программа уюштурулган жок. Башкы балатынын отун күйгүзүү аземи биринчи жолу шаан-шөкөтсүз өткөрүлдү.