Бишкекте жарылуу болуп, бир адам өлдү (видео)

1163

Бишкек шаарында боёкту атайын идишке куюу маалында жарылуу болуп, бир киши мерт кетти. Дагы бир адам жабыркап ооруканада. Кырсык борбор калаадагы ишканалардын биринде катталды. Каза тапкан бала 18 жашта болчу. Азырынча эмне жарылганы так айтыла элек. Газ баллону же атайын челек жарылышы мүмкүн, дешет адистер. Учурда тиешелүү тармактын өкүлдөрү иш алып барууда.