Бишкекте жасалма арак чыгарып, сатып жүргөн топ кармалды

916

Бишкек шаарында жасалма арак чыгарып, сатып жүргөн топ кармалды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы мамлекеттик кызматынан кабарлашты.

Маалыматка караганда, алар контрафакттык спирт ичимдиктерин башка бир белгилүү бренддин аты менен чыгарып келишкен. Финполицияга да дал ошол жабыр тарткан ишкананын өкүлдөрү кайрылышкан.

Анын негизинде ыкчам иликтөө жүргүзүлүп, Кудайберген базары тарапта жайгашкан үйлөрдүн биринен, ири көлөмдө сатыкка даярдалган контрафакттык арак табылган.Ошондой эле, белгилүү арак-коняктардын жасалма акциздык маркалары алынган.

Аталган факт кылмыштардын жана жоруктардын Бирдиктүү реестрине “спирттик жана спирттик кошулмасы бар суусундуктарды мыйзамсыз чыгаруу” беренесинин негизинде катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталды.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.