Бишкекте жашыруун иштеп жаткан дагы бир кумаркана табылды

1678

Муну далилдеген оперативдик тасма Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы тарабынан таратылды. Анда Ош базарынын аймагындагы Бейшеналиев көчөсүндөгү казино тартылган.

Мекеменин кызматкерлери кардар катары алдын-ала акча беришип, бирок анын баарын уттуруп жиберишкен. Бул факты боюнча оюн жабдууларын колдонуу менен кумар оюндарын уюштуруу, оюн мекемесин иштетүү фактысы боюнча кылмыш иши козголду. Учурда тергөө иштери жүрүүдө.

Буга чейин Бишкек шаарында мыйзамсыз иштеп жаткан 26 казино аныкталган. Оюн залдарынын тогузу Биринчи май районунда, жетөө Свердлов районунда, бешөө Ленин районунда жана дагы бешөө Октябрь районунда жашыруун иштеп жаткан. Ал эми Ош шаарында бир эле казино табылган.