Бишкекте жеңил машина Тез жардам кызматынын унаасын сүзүп кетти

696

Аламүдүн районун тейлеген жападан жалгыз машина Москва менен Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде баратканда жеңил унаа келип сүзгөн. Тез жардам кызматынын унаасында мурдунан кан токтобой жаткан бейтап бар болчу. Аны дарыгерлер Улуттук госпиталга жеткирип баратканда кырсыкка кабылышкан. Бейтап жабыркаган эмес.

Ал эми дарыгерлердин мээси чайкалып, денесинен ар кандай жаракаттарды алышкан. Эки автоунаа тең айып жайына токтотулган. Тез жардам машинасынын бампери талкаланып, фарасы сынган. Аны сүзгөн айдоочу ремонт менен жабырлануучулардын дарылануусуна кеткен каражатты төлөп берүүнү убада кылган.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.