Бишкекте жерди трансформациялоо талабы менен митинг өттү

926

Өкмөт үйүнүн алдына чогулган элүүдөй киши Аламүдүн жана Сокулук райондорундагы айдоо жерлерди турак-жай салыш үчүн трансформациялап берүүнү талап кылышты.

«Трансформация» коомдук бирикмесинин жетекчиси Бекназар Айталиев Жогорку Кеңеш бул маселени өткөн жылдын аягында кароого тийиш болсо да, эмгиче каралбай келе жатканын билдирди.

Кыргыз өкмөтүнүн токтому менен өлкөдө айдоо аянттарына турак жай салууга уруксат берүүгө мораторий киргизилген. Буга Бишкек, Ош сыяктуу ири шаарлардын чет-жакаларындагы райондордун айдоо жерлери турак-жай салыш үчүн мыйзамсыз берилип кеткени себеп болгону айтылган.

Башкы прокуратура былтыр жер мыйзамдарын бузууга байланыштуу 87 кылмыш ишин козгоп, жалпы аянты 629 гектар 156 жер тилкеси мамлекетке кайтарылган.

Кыргызстанда айрыкча Чүй облусунда турак жай салыш үчүн тилкелерди жең ичинен бөлүштүрүүнүн кесепетинен чыккан жер талаштын аягы азыркыга чейин басылбай келет.