Бишкекте жол кире кымбатташы мүмкүн (видео)

1693

Бишкекте жол кирени көтөрүү демилгеси коомчулукта кызуу талкуу жаратууда. Шаардыктар, мэрия коомдук унааларда жүрүүгө эч кандай шарт түзбөй туруп, жол акыны жогорулатабыз дегенине нааразычылыгын билдирүүдө. Эскерте кетсек, эки күн мурда, Бишкекте коомдук траспорттордо жүрүү үчүн жол акыны 12 сомго чейин көтөрүү керек, деген сунуш калаа башчысы Албек Ибраимов тарабынан көтөрүлгөн. Буга учурдагы тарифтер жүргүнчүлөрдү ташып иштеген айдоочулардын чыгымын актабай жатканы жүйөө катары келтирилген. Ал эми маршруттук таксилерди чоң көлөмдөгү автобустарга алмаштырууга жеке инвесторлор да кызыктар эмес, дешет аткаминерлер. Себеби сарпталган каражат өзүн актабай калуу коркунучу бар экен.