Бишкекте жол кырсыгы катталып, айдоочулар жабыркады

694

Бишкектин Байтик Баатыр көчөсүндө жол кырсыгы катталып, анда Тойота жана Лексус унаалары бетме-бет кагышты. Маалыматтарга караганда, 18-мартта саат кечки алты жарымдар чамасында Байтик Баатыр көчөсү менен түштүк багытты көздөй бара жаткан унаа, каршы тилкеге чыга калган.

Анын кесепетинен бетме-бет кагышуу болгон. Жол кырсыгында эки унаанын тең айдоочулары жабыркап, аларды тез жардам алып кеткен. Учурда ыкчам-иликтөө иштери жүрүп жатат. Анын жыйынтыгы менен чогултулган материалдар Бишкек шаардык жол кыймылынынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгына өткөрүлүп берилет.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.