Бишкекте жол кырсыгынан 3 адам каза болду

3690

Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет. Маалыматка ылайык, кечээ, 24-августта Свердлов районундагы Чолпон-Ата жана Шабдан Баатыр көчөлөрүнүн кесилишинде “Субару Легаси” жана “Мерседес Бенц Гигант” үлгүлөрүндөгү унаалардын катышуусунда жол кырсыгы катталган.

Кырсыктын кесепетинен жеринде 1 киши, ооруканадан 2 киши каза болгон, 2 адам жабыркаган. Кырсык болгон жерге куткаруучулар тартылып, каза болгон жана жабыркаган адамдарды унаадан чыгарып, тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.