Бишкекте жол кырсыгынан 7 жаштагы кыз каза болду

572

Кайрадан өлүм менен коштолгон жол кырсыгы. Бишкекте жол кырсыгынын кесепетинен 7 жаштагы кыз каза тапты.

Ордо калаадагы Каралаев көчөсү менен бара жаткан айдоочу үйдүн жанында турган баланы сүзүп, окуя болгон жерден изин жашырган.

Көп узабай «Ауди» унаасынын 23 жаштагы ээси кармалып, чогултулган материал Бишкек шаардык милициясынын тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.