Бишкекте жол кырсыктан 21 жаштагы адам каза тапты

611

Бишкекте жөө жүрүүчүлөрдү сүзүп кеткен 3 учур катталып, анын бири адам өлүмү менен коштолду. Аалы Токомбаев көчөсүндө саат 23.00дө жеңил унааны башкарып бараткан 27 жаштагы адам 21 жаштагы жөө кишини коюп кеткен. Жабырлануучу ооруканага жеткирилип, бирок эсине келбей каза тапкан. Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.

Мындан тышкары, саат 17.00дө Ахунбаев көчөсүндө жөө жүрүүчүлөр өтчү тилкеде бараткан адам кырсыкка кабылды. Бул окуя видеого түшүп калган. Анда автоунаалар жол белгисинде токтоп турганына карабай, артта келе жаткан “Дэу матиз” үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу өтүп бараткан кишини сүзүп, ал бир нече метрге учуп барып жерге кулаган. Айдоочу жабыркаган адамды унаасына салып алып кеткен. Азырынча ал кайсы ооруканага кайрылганы тууралуу маалымат жок.

Ушундай эле окуя саат 21.00дө Чүй проспектисинде Свердлов райондук администрациясынын жанында болгон. “Lexus” үлгүсүндөгү автоунаа жөө адамдар өтчү чийинде бара жаткан жаранды койдуруп кеткен. Ал бутунан жаракат алган. Айдоочу жабырлануучуну «ооруканага алып барам» деп унаасына салып кеткен.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.