Бишкекте жоокер сот имаратында өзүн атып алды

658

Бишкек шаарындагы Ленин райондук сотунун имаратындагы дааратканада конвой өзүн атып алды.

Маалыматка караганда, 18 жаштагы жоокер табелдик курал менен өзүн башка аткан. Катардагы жоокер алган жараатынан улам «Тез жардам» келгенге чейин жан берген. Окуя болгон жерде Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын ыкчам-тергөө тобу жана Аскер прокуратурасынын кызматкерлери иштеп жатышат.

Жоокер сотко кимди коштоп барганы жана кайсы иш боюнча соттук процесс жүрүп жатканы белгисиз.