Бишкекте жүк ташуучу оор унаа 2 кичинекей баланы сүзүп кетти

809

Окуя кечээ түштөн кийин шаардын четиндеги айланма жолдо болгон. Жабыркагандар 6 жана 13 жаштагы балдар. Жол кырсыгы башка автоунаанын видеокаттоо камерасына тартылып калган. Анда көрүнүп тургандай, бөбөктөр жолдун экинчи тилкесине чуркап чыкканда, аларды машина сүзгөн.

Жаш балдар жаракат алып ооруканага жеткирилди. Айдоочу жол кырсыгына күнөөлүү экенин мойнуна алып, бөбөктөр жолго капысынан чыга калгандыктан, тормозду басууга үлгүрбөй калганын айткан.

Кырсык болгон жерден алыс эмес бала бакча жайгашкан. Бирок буга карабастан жөө жүргүнчүлөр өтө турган атайын жол белгиси коюлган эмес. Учурда бул факт боюнча териштирүү иштери жүрүп жатат.