Бишкекте жүрүп бараткан троллейбус күйүп кетти

933

Окуя бүнүн эртең менен саат тогуздарда Юнусалиев менен Горький көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Кырсыктан жаракат алгандар жок. Өрт зымдардын тийишүүсүнөн келип чыгышы мүмкүн, деп айтылууда. Айдоочу өз алдынча өчүрө албай, 101 кызматын чакырган.

Бишкек троллейбус башкармалыгынан кабарлашкандай, бул троллейбустун каттамда жүргөнүнө 16 жылдан ашкан. Ал эми эксплуатация мөөнөтү болгону 10 жыл гана. Бирок коомдук транспорттун жетишсиздигинен оңдоп-түзөп линияга чыгарылып турат.

Бүгүнкү күнү борбор калаада 104 троллейбус жүргүнчүлөрдү ташыйт.