Бишкекте зордуктоого шектелип кармалган жаран милиция бөлүмүндө каза болду

621

Бишкекте жашы жете элек кызды зордуктоого шектелип кармалган жаран милиция бөлүмүндө каза болду. Мындай маалыматты Бишкек шаардык Ички иштер башкы башкармалыгынан тастыкташты.

Бүгүн сотко чейинки өндүрүшкө алынган иштин алкагында Октябрь райондук Ички иштер бөлүмүнө 35 жаштагы кылмышка шектүү алып келинген. Сурак учурунда ал туруп, терезе аркылуу качууга аракеттенгени айтылууда. Кийин ал 3-кабаттын терезесинен секирип кеткен.

Окуя болгон жерге тез жардам чакырылып, жабырлануучу Бишкек шаардык Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборуна жеткирилген. Бирок ал эсине келбей, ооруканада каза болгон. Аталган факты боюнча текшерүү иштери дайындалып, кызматтык иликтөө жүрүүдө.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.