Бишкектеги 10 көчөнүн кесилишинде видео камералар орнотулат (видео)

998

Бир айдан соң Бишкек шаарындагы 10 көчөнүн кесилишинде жол эрежелерин бузуу фактыларын аныктаган видео жана фото байкоо камералары иштей баштайт. Бул тууралуу маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы билдирди. Учурда атайын аппараттарды орнотуу иш-аракеттери жүрүп жатканы белгилүү болду.

4 этап менен ишке ашып баштаган «Коопсуз шаар» долбоорунун алгачкы баскычында Бишкектин 2 жерине камера орнотулду. Алар учурда сынак режиминде иштөөдө. Эми мындай жабдыктар өлкөдөгү бир катар чакан шаарларда жана чоң авто трассаларда орнотула баштайт. Алар жол эрежелерин бузуу учурларын катташат.