Бишкектеги 15 көчөнүн кесилишине жол чырактар коюлат

931

Быйыл биринчи жарым жылдыкта Бишкектеги 15 көчөнүн кесилишине светофорлор коюлат. Бул тууралуу шаар жетекчилигинен билдиришти. Ага ылайык, тиешелүү жабдыктар алгач өтө кооптуу жол кесилиштерине коюлат.

Анын ичинде кечээ жакында эле кандуу кырсык болгон Элебесов – Витебск көчөлөрүнүн кесилиши да бар. 9-февралда бул тилкеде кичи автобус жол четинде баласын көтөрүп турган келинди сүзүп токтогон. Аял алган жаратынан улам ошол жерде набыт болуп, анын эки жашар кызынын жамбаш сөөгү талкаланып, дарыгерлер анын бир бутун кесүүгө мажбур болушкан.

Кичи автобустун айдоочусуна кылмыш иши козголуп, камакка алынды. Бул кырсыктан кийин коомчулукта нааразычылык күчөп, жөө жүргүнчүлөр үчүн чийилген тилкеге жол чырак орнотуу керектиги айтылган.