Бишкектеги 3 маршруттук таксинин кагылышуусунан 2 айдоочу жабыркады

2247

Бишкек шаарынын Чүй проспектисинде үч маршрутка катышкан жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, «Mercedes Benz» үлгүсүндөгү спринтер Аламедина-1 көчөсү тарапка жүрүп баратканда маркеттердин биринин алдында башка «Спринтер» бурулуп жатып биринчи «Спринтер» менен кагышкан. Ошол эле убакта токтоп турган дагы бир маршрутканы сүзгөн. Кырсыктан эки айдоочу жабыркаган.

Аталган факты кылмыштар менен жоруктардын Бирдиктүү реестринде каттоого алынып, унаалар айып кароого токтотулган.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.