Бишкектеги 4 уландын өмүрү кыйылган жол кырсыгы (видео)

911

Төрт баланын өмүрү кыйылган жол кырсыгында жеңил унаадан жалгыз аман калган жүргүнчү комадан чыга элек. Дарыгерлердин айтымында, 20 жаштагы кыздын боору жарылып кеткен. Ал эми автобустагы 5 адам түрдүү жаракаттары менен учурда ооруканада жатса, экөө үйүнө чыгарылган.

Коомдук транспорттун айдоочусу жандандыруу бөлүмүнөн палатага которулганы менен абалы оор бойдон калууда, дешет ак халатчандар. Бир нече адамдын өлүмүнө алып келген жол кырсыгын боюнча кылмыш иши козголду.