Бишкектеги 6 конушка жаңы мектеп курулат (видео)

9476

Балдарды мектепке кабыл алуу порталындагы мүчүлүштүктөр улам-улам жөнгө салынууда. Өлкөдө 4 миңден ашуун бала электрондук кезекке жазылды. Аймактарга бөлүп караганда порталга катталгандардын көпчүлүгү Бишкек шаарында экен. Мындай көрсөткүч менен жаны окуу жылында ордо калаадагы мектептердин ар бир классында 30-40дан окуучу окуп калышы мүмкүн, — дешет адистер.

Бул өз кезегинде ордо калаадагы мектептердин жетишсиздигин да ачыктоодо. Маселени чечүү үчүн быйыл Бишкекке 6 мектеп, 1 бала бакча салынганы турат. Мындан тышкары, 6 орто окуу жайга кошумча корпустар менен спорт жана жыйындар залын куруу пландалып жатыптыр.