Бишкектеги «7-апрель шейиттери» мечити кайсы акчага курулганы иликтенүүдө

1207

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев салдырган Бишкектеги «7-апрель шейиттери» мечити камакка алынды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматынан билдиришти.

Ага ылайык, мечит факты жүзүндө Алмазбек Атамбаевге тиешелүү болгон «Форум илимий-өндүрүш фирма» ачык акционердик коомуна катталган.

Андыктан Биринчи май райондук соту аталган мүлктү камакка алуу чечимин чыгарды», — деп айтылат билдирүүдө. Учурда мечитти курууга кеткен каражат кайдан алынганы иликтенип жатыптыр. Буга чейин мурдагы президенттин 135 мүлкү камакка алынып, 20 кайра чыгарылган. Камактагылардын ичинде «Форум илимий-өндүрүш фирмасы» дагы бар.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.