Бишкектеги айт намазга 35 миңден ашык киши келди

1158

Бишкектин Эски аянтында өткөн айт намазга 35 миңден ашуун киши келди. Бул тууралуу шаардык милициянын басма cөз кызматынан «Азаттык» радиосуна билдиришти. Кыргызстанда бүгүн мусулмандар Курман айтты белгилеп жатышат. Курман айтка байланыштуу айт намазы саат 7:30да окулду. Намаздын алдында Курман айттын мааниси тууралуу аталган башкармалыктын жетекчиси, муфтий Максатбек Токтомушев жана башка кызматкерлер айтып беришти. Президенттин атынан анын кеңешчиси Мухамметкалый Абулгазиев жана Бишкектин мэри Албек Ибраимов кыргызстандыктарды куттукташты.

Курман айт – мусулман коомчулугунун негизги майрамы. Аны белгилөө күнү айдын чыгышына карап аныкталат. Бул күнү ислам динин туткандар курмандык чалышат. Кыргызстанда калктын 80 пайыздан көбү мусулмандар.