Бишкектеги акысыз муз аянтчасы ишин кайра жандантты (видео)

2524

Демилгечилердин айтымында, бул аянтча социалдык долбоор жана ал жаштар арасында сергек жашоо образын суроо максатында уюштурулуп келет. Муз тебүүчү жай борбор калаанын Жибек Жолу жана Махатма Ганди көчөлөрүнүн кесилишиндеги сейил бакта жайгашкан.

Бардык каалоочулар ал жакка өздөрүнүн конькиси менен бекер кире алышат. Мындай спорттук бут кийими жоктор ал жерден ижарага да ала алышат.