Бишкектеги анклавтар маселеси качан чечилет? (видео)

782

Чүй областынын айрым жерлери Бишкек шаарынын аймагында анклав болуп калган. Натыйжада ал конуштардын тургундары унутта калып, социалдык көйгөйлөрү чечилбей келет. Бул маселени жөнгө салуу боюнча чечимдер кабыл алынганы менен, алар ишке ашпай кагаз жүзүндө калган, дешет депутаттар. Ошондой эле, эл өкүлдөрү өткөн жылы президент тарабынан токтотулган «жерлерди трансформациялоо боюнча» мыйзамды кайрадан иштеп чыгуу керектигин билдиришти. Андан тышкары, көп кабаттуу үйлөрдү курган айрым компаниялар батир ээлеринин алдындагы милдеттемелерин аткарбай жатканы да айтылды.